Hino da RSS da Quirguízia (1946-1991)
KY

Testo di Hino da RSS da Quirguízia (1946-1991)

GenereMarches / Anthems
Durata1:31
Lingua originaleKY
Visualizzazioni125
AaLettura
Dimensione 18

Testo originale

KY
Traduzione non ancora disponibile. Mostriamo il testo originale.
Азаттыкты Кыргыз эңсеп турганда Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан Улуу орус достук менен кол берип Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан Жаша, Кыргызстаным Ленин туусу колуңда Алгалай бер, гүлдөй бер Коммунизм жолунда! Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып Таалай берген улуу Совет калкына Жеңиштерден жеңиштерге алпарат Элдин күчү, Лениндик партия Жаша, Кыргызстаным Ленин туусу колуңда Алгалай бер, гүлдөй бер Коммунизм жолунда! Эл достугун болоттон бек ширетип Көп улуттан Союз курдук урагыс Жандай сүйүп даңктуу Ата Мекенди Түбөлүккө Коммунизм курабыз Жаша, Кыргызстаным Ленин туусу колуңда Алгалай бер, гүлдөй бер Коммунизм жолунда!

Altro di Hinos de Países

Hinos de Países →

Testi correlati